Биз менен байланышыңыз

Казакстан Өзбекстанга гуманитардык жардам көрсөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 657 | 0

Казакстандын өкмөтү Өзбекстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Аскар Мамин кол койду. Бул тууралуу zakon.kz маалымдайт.

Гуманитардык жүк азык-түлүк товарларын камтыйт. Атап айтканда, 600 тонна буудай уну, 250 тонна гречка жармасы, 100 миң литр өсүмдүк майы жана 50 миң консерва сүт азыктары.

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине гуманитардык жүктөрдү Өзбекстандагы жерлерге жеткирүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM