Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Бадахшан, Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 838 | 0

Бүгүн, 21-июнда Тажикистандын Тоолуу-Бадахшан облусунун Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында ӨКМ тарабынан 9 жүк ташуучу автоунаа менен ун, жууркан жана тазалык каражаттары жөнөтүлдү.

Жерге-Тал районуна 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 2000 даана одеяло, 300 куту тазалык каражаттары жөнөтүлсө, Мургаб районуна 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 2000 даана жууркан, 250 куту тазалык каражаттары жөнөтүлдү.

Ошондой эле, Ооганстандын Чоң жана Кичи-Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында ӨКМ тарабынан 4 жүк ташуучу унаа менен Чоң-Памирге 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 500 даана жууркан, 100 куту тазалык каражаттары, 5 тонна жергиликтүү күрүч, 1250 литр өсүмдүк майы, 10 куту медикаменттер жөнөтүлдү.

Мындан сырткары, Кичи-Памирге 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 500 даана жууркан, 100 куту тазалык каражаттары, 5 тонна жергиликтүү күрүч, 1250 литр өсүмдүк майы, 10 куту медикаменттер жөнөтүлдү.

Гуманитардык жардамды коштоо үчүн экспедициянын улугу ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун  башчысынын орун басары полковник Алмаз Рыскелдиев координациялайт.

Copyright © 2017 Maral FM