Биз менен байланышыңыз

«Келген гуманитардык жардамдар боюнча маселе жаралууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2020 | 927 | 0

Кыргызстанга келген гуманитардык жардамдар боюнча маселе жаралууда. Атайын комиссия түзүлдү, алар чет жактан келген жана жергиликтүү элден берилген техникалык, каржылык жана гуманитардык жардамдардын таратылышын иликтейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Чет элдик донор, өнөктөштөр менен сүйлөшкөндө, жардамдардын жеткиликтүүлүгүн сурап жатышат. Алар жардамдар боюнча комчулукта отчет жоктугуна кызыгып, талап коюуда. Андыктан комиссия иликтеп, коомчулукка маалымат беребиз», — деди Сурабалдиева.

Ал мындан сырткары «Тез жардам» унааларынын саны боюнча да так маалымат берилбей жатканын сынга алды. Маселен, Ош облусунун расмий отчетунда 90 «Тез жардам» унаасы бар экени көрсөтүлгөн. Бирок текшере келгенде 40тан ашуун гана унаа болгону аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM