Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева орусиялык кесиптеши менен телефондо сүйлөштү

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 757 | 0

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Орусия өкмөтүнүн төрага орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Сурабалдиева Кыргызстан Орусия менен стратегиялык өнөктөштүгүн жогору баалай турганын жана келечекте ар тараптуу байланыштарды чыңдоого умтуларын айткан.

Ошондой эле Орусия тарапка коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар социалдык багыттагы маселелер боюнча да пикир алмашып, коронавирустун  жаңы штаммынын жайылышына бөгөт коюу, элди вакцинациялоо маселеси, ошондой эле эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрликтеринин кызматташуусун талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM