Биз менен байланышыңыз

Чеченстан Кыргызстанга гумжардам катары медициналык каражаттарды жөнөттү

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 1123 | 0

COVID-19 коронавирустук инфекциясына байланыштуу оор кырдаал менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында Чеченстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт.

Мындай билдирүүнү Чеченстан республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго жолдогон.

Анда, максаттуу колдонулган алдын-алуу чараларынын негизинде Чеченстанда Кыргызстанга салыштырмалуу абал туруктуу экендиги айтылат. Ошондуктан алар Кыргызстанга колдоо көрсөтүү үчүн медициналык дары-дармектер жана коргоочу каражаттар жөнөткөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков бир ай мурда Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланышып, пандемиянын алдын алуу, күрөшүү жолдорун сүйлөшкөн. Маек соңунда Башкырстандан, Чеченстандан жардамдар көрүлөрү маалымдалган.
Ошондой эле, ишмер Ассоль Молдокматова чечендердин башчысына жардам сурап кайрылганын айтып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM