Биз менен байланышыңыз

«Карикатура Ислам динине зыянын тийгизбейт» 

Дүйнө , Кыска кабар , Саясат | 29 Окт 2020 | 1488 | 0

Францияда пайгамбардын карикатурасын сабакта колдонгон мугалим мууздалган соң, өлкөдө диний көз караштардын карама-каршылыгы пайда болду. Буга Франция президенти Макрондун мусулмандарга карата калпыс сөзү от чачты. Ал арада Түркиянын президенти Эрдоган: «Макрондун психикалык дарыланууга муктаждыгы бар», — деп, түркиялыктарга француз товарларынан баш тартууга чакырды. Бул тирешүүлөрдөн улам Түркияда түрк лирасынын куну түштү. Көп узабай бул маселеге Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да билдирүү жасап, француз бийлигин сындады. Бул маселеде Кыргызстандагы саясий серепчилер эмне дейт?

«Карикатура Ислам динине зыянын тийгизбейт» 

Лиранын арзандап кетиши Түркияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарына терс таасир этерин саясат талдоочу Искендер Ормон уулу билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк Ислам мамлекеттеринин лидерлери кемчиликтерин жаап-жашырып, калктын көңүлүн башка маселеге буруу үчүн популисттик кадамдарга барышат. Мындай президенттердин арасында бул багытта Эрдоган лидерлик кылат.

— Эгерде чыны менен ниети ак болсо, анда эмне үчүн башка мусулмандарга адилетсиздик болгон жерде унчупайт, мусулмандардын айкындыкты табуусуна себеп болгон иштерге сөз айтпайт? Мисалы, Кытайдын уйгурларга байланыштуу саясатында бир да мусулман өлкөсү үн каткан эмес. Жадагалса, маселе БУУда көтөрүлгөндө да кол көтөрө албай келишет. Аларга каршы популисттик иштерди жүргүзө алышпайт. Ал эми Европа кандай сөз айтылса да эл аралык ченем, келишимдердин негизинде иш алып барат. Ошондуктан каалагандай популисттик мүнөздөгү сөздөрдү айтып келишет.  

Искендер Ормон уулу мындан сырткары Ислам 15 кылымдык тарыхка ээ, улуу дин экенин, андыктан карикатура, акаараттар динге зыянын тийгизбей турганын эскертти. Мында мусулмандар өзүнө болгон ишенимди жоготпой, Исламдын баалуулуктарын үйрөнүп, ишке ашырышы керектигин кошумчалады.

— Ислам — илим менен болгон байланышы, адамзаттын өнүгүшүнө кошкон салымы менен алдыга озгон улуу дин. Көйгөй мусулмандардын өздөрүндө. Улуу динди тааныбай, кайдагы формалдык нерселерге көңүл бурушат. Чындыгында, илимге маани берүү, коррупцияга каршы туруу, адилеттүүлүктү колдоп, жапа чеккен алсыз коомдун жанында болуу иштерин аткарышпайт. Формалдык нерселерде гана популисттик кадамдарга барууга көнүп калышты. 

«Мухаммед пайгамбар — жалпы адамзат сыйлаган адам»

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Макронду кырдаалдан пайдаланып Исламга кол салууга, аны менен ал дүйнө жүзүндөгү мусулман диндарлардын сезимин бузууга күнөөлөдү.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев да бул ойго кошулат. Анын баамында, акыркы кезде мусулмандарды шылдыңдоо көбөйүүдө. Батыш сөз эркиндигине жамынып, мыскылдарга жол берип коюуда. Мухаммед пайгамбар — жалпы адамзат сыйлаган адам. Андыктан Макрондун билдирүүсү боюнча бир гана Ислам мамлекеттери эмес, башка өлкөлөр, уюмдар да позициясын билдириши керек.

— Себеби бир нерсе болсо эле «адамдардын укугу тебеленип, ыйык нерселерине кол салынып жатат» деген билдирүүлөр таратылып жатып калат. Ал эми мусулмандарга келгенде эле кайдыгерлик пайда болот. 1990-жылдардын орто ченинде «XX кылымдын ичинде эң таасирдүү саясатчы, жетекчилер ким?» дегенде, биринчи орунга Мухаммед пайгамбар чыккан. Ошондой адамды мазактап жатышат. Албетте мусулмандар буга терс реакция кылышат. 

Маалымат катары кошумчалай кетсек, Макрондун билдирүүсү Орусиядагы мусулмандарга да катуу таасир этти. Айталы, Чечен Республикасынын муфтийи Салах-Хаджи Межиев Макрондун аракетин «Исламга карата таамай пландалган чабуул» атап, «адамзаттын жана бардык мусулмандардын душманы» катары сыпаттады.  Ошол эле учурда Орусиянын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухитдинов расмий Парижди: «Француз коомчулугу каралардын, аялдардын позициясы үчүн, ЛГБТ коомчулугунун жана башка азчылыктардын позициясы үчүн күрөшөт, бирок миллиарддаган адамдарга зыян келтирген мультфильмдерди карабайт», — деп сынга алды.

Орусия Мусулмандарынын руханий жыйынынын төрагасы, муфтий Албир Курганов Макрондун чечимин бүткүл ислам дүйнөсүнө каршы чагым катары баалап, иш-аракетке катуу ачууланды. Диний лидер пайгамбарга болгон сүйүү мусулман ишениминин негизи экендигин баса белгиледи. Ошол эле учурда Курганов мугалимдин өлүмү боюнча жан кечтини да айыптаарын, анткени зомбулук менен өлтүрүү Исламда жок экенин билдирди.

Ал эми Ирандын «Ватане Эмруз» гезити Мухаммед пайгамбардын карикатураларын басып чыгарууну колдоо боюнча билдирүүлөрүнөн кийин Франциянын президенти Эммануэль Макронду шайтан катары көрсөттү.

Француз лидеринин карикатурасы гезиттин редакциялык макаласында «Париждик Иблис (шайтан)» деген ат менен жарыяланды.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги француз дипломатын чакырып, пайгамбарды мазактаган карикатуралары үчүн француз чиновниктеринин талабына каршы чыккан. Департамент Франция бийлигинин мындай позициясын айыптап, кабыл алынгыс деп атады.

Иорданиядагы дүкөндөрдө Франциянын товарларын сатуудан алып салып, өндүрүшчүлөргө кайра жөнөтүлүүдө.  Мындай көрүнүштөр Пакистан, Иран, Йемен,  Түркияда да байкалууда. Түркия Франциянын мусулман мамлекеттери менен мамилеси начарлап кетсе, ондогон миллиард долларларды жоготорун эсептеп чыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM