Биз менен байланышыңыз

Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы кызы Чеченстандын маданият министри болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 1017 | 0

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы кызы Айшат Кадырова Маданият министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Би -Би -Си орус кызматы жазды.

Чеченстандын парламенттинин спикери Магомед Даудов Айшат Кадырованы жаңы кызматы менен куттуктап: —«Чечен Республикасынын маданият министринин жооптуу кызматында өз ишинде мындан да маанилүү жыйынтыктарга жетет жана коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем«,- деп жазды.

Бир жыл мурун Айшат Кадырова Чеченстандын маданият министринин биринчи орун басары болгон.

Айшат Кадырова мамлекеттик кызматка келгенге чейин Firdaws мода үйүн жетектеген. Анын коллекциялары Грозныйда, Москвада, Дубайда көрсөтүлүп, өткөн жылдын башында Францияга алынып келинген.

Айшат Кадырова 1998 -жылы Центарой айылында туулган. 2016-жылы Чечен мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Ошол эле жылы Кадырова Чеченстандын башчысынын жакын досунун уулуна турмушка чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM