Биз менен байланышыңыз

Дональд Лу: Америка үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 712 | 0

Президент Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу бүгүн, 14-майда кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн Америкага ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Дональд Луну АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ал жаңы иши менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоо үчүн билими жана тажрыйбасын жумшаарына ишенерин айтты.

Дональд Лу азыркы оор мезгилде Америка үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи: гуманитардык жардам көрсөтүү, пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөшүү жана демократиялык кайра түзүмдөр.

Ошону менен катар калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү маселелеринде өз ара кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM