Биз менен байланышыңыз

Трамп: Америкалыктардын жумушун сактап калуу үчүн иммиграцияны убактылуу токтотобуз

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 627 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык жарандардын жумушун сактап калуу үчүн өлкөгө иммиграцияны убактылуу токтотуу жөнүндө жарлыкка кол коёрун айтты. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы жазды.

— Көзгө көрүнбөгөн душмандын чабуулу, ошондой эле биздин америкалык жарандардын жумушун коргоо зарылдыгын эске алып, мен АКШга иммиграцияны убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка кол коём!- деп жазды Трамп «Твиттердеги» баракчасында.

Буга чейин коронавирустан улам АКШда акыркы бир айдын ичинде 20 миллиондон ашык жаран жумушсуз калганы айтылган. Эксперттер апрель айында жумушсуздуктун саны 20 пайызга өсөрүн болжолдошууда.

Кошумчалай кетсек, АКШ вирусту жуктуруунун деңгээли боюнча алдыңкы сапта турат. Учурда АКШда 792 938 адам вирус менен катталган. Анын ичинен 72 389 бейтап айыкса, 42 518и каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM