Биз менен байланышыңыз

Байден Трамптын Green Cardга байланыштуу чечимин жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 1164 | 0

АКШ президенти Жо Байден кечээ, 24-февралда мурдагы президент Дональд Трамптын айрым чет өлкөлүктөрдүн АКШга кирүүсүнө тыюу салган дагы бир жарлыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын апрелинде Трамп COVID-19 пандемиясы учурунда өлкөнүн эмгек рыногуна коркунуч жаратат деген негизде чет өлкөлүктөрдүн АКШга кирүүсүнө тыюу салган документке кол койгон. Кийинчерээк экс-президент жарлыгын эки жолу узарткан.

Байден бул документти АКШнын кызыкчылыгын коргобойт деген негиз менен жокко чыгарды.

«Бул Америка Кошмо Штаттарына зыян, анын ичинде АКШ жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана мыйзамдуу туруктуу жашоочулардын үй-бүлөлөрү менен биригишине жол бербейт. Ошондой эле АКШ экономикасында дүйнөнүн ар кайсы бурчунан эксперттер иштеген аймактарга, жыл сайын өтүүчү лотереядан иммиграциялык виза алган адамдарга зыянын тийгизет», — деди ал.

Буга чейин Жо Байден Трамптын мигранттарга байланыштуу эң ири долбоорлорунун бири болгон, Мексика менен АКШнын чек арасына дубал тургузуу иштерин каржылоону токтоткон.

Copyright © 2017 Maral FM