Биз менен байланышыңыз

Байден Путин менен Си Цзиньпинди сүйлөшүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 1206 | 0

АКШ президенти Жо Байден орусиялык жана кытайлык кесиптештери Владимир Путин менен Си Цзиньпинди климат боюнча сүйлөшүүлөргө чакырды. Бул тууралуу Associated Press ишенимдүү булактарына шилтеме кылып жазды.

Жолугушуунун чоо-жайы айтылган эмес. Ак үй бул маалыматты азырынча тастыктай элек.

Бул Байден администрациясы тарабынан уюштурулган климаттык көйгөйлөр боюнча биринчи сүйлөшүүлөр экени айтылууда.

АКШ 22-23-апрелде климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык саммит өткөрүүнү пландаштырууда. Белгиленгендей, иш-чарага климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн 40тан ашуун лидерлери катышат.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин америкалык кесиптешин онлайн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырган. Бирок Ак үй Путиндин сунушуна АКШ президентинин учурда бош эместигин, мындай сүйлөшүүлөрдү качан жүргүзө аларын билбестигин айтып жооп берген. Кийинчерээк Байден Путин менен «учуру келгенде» сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM