Биз менен байланышыңыз

Трамп импичмент жараянына катышуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 757 | 0

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп өзүнө карата башталган импичмент процесстерине катышпайт. Бул тууралуу Трамптын кеңешчиси Жейсон Миллер айтты.«Президент мыйзамга ылайык келбеген процессте көрсөтмө бербейт», — деди ал.

Ошондой эле Миллер мурунку президентке көргөзмө берүүгө чакырган менеджерлердин өтүнүчүнө Трамптын жактоочуларынын берген жообун жарыялады. Анда бул чакырууну пиар-аракет деп атап, башмыйзамды оюн үчүн колдонбоону айткан.

Буга чейин өкүлдөр палатасынын менеджерлери Трампты импичмент жараянына көрсөтмө берүүгө чакырган.

Январь айында АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоого добуш беришкен. Муну менен Трамп эки жолу импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн алгачкы президент болуп калды.

Конгрессмен-демократтардын жана айрым республикачылардын пикиринде, Дональд Трамп январь айынын башында Капитолийде болгон башаламандык үчүн жооп бериши керек.

Жо Байден: Трампка жарыяланган импичмент ишке ашпайт

Copyright © 2017 Maral FM