Биз менен байланышыңыз

Жо Байден: Трампка жарыяланган импичмент ишке ашпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 860 | 0

АКШнын президенти Жо Байден мурдагы президент Дональд Трампка жарыяланган импичменттин ишке ашарынан күмөн санайт. Бул тууралуу ал «CNN» каналына маек берип жатып айтты.

Ал өз сөзүндө Трампка жарыяланган импичментти колдой турганын айтып, бирок АКШ Конгрессинин Сенаттар палатасынан жетиштүү добуш аларына ишенбей турганын билдирди. Себеби импичменттин ишке ашуусу үчүн мыйзамга ылайык, сенаторлордун үчтөн экиси колдоп бериши керек. Тактап айтканда, «Демократтар» партиясынын тизмеси менен шайланган 50 сенаторго «Республика» партиясынын 17 сенатору кошулуусу керек болот. Байдендин пикиринде, мындай болушу мүмкүн эмес. Муну менен катар ал 2019-жылы Трампка каршы жарыяланган биринчи импичмент Сенаттар палатасында жетиштүү добуш ала албай, артка кайтарылганын эске салды.

Эске салсак, ушул жылдын 6-январында Трамптын тарапташтары АКШда козголоң чыгарып, Капитолийди басып алышкан. Натыйжада эл менен полициянын ортосунда кагылыш чыгып, адамдардын каза болуусуна чейин жеткен.

Мындан улам АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы 13-январда «Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» декларация кабыл алып, 23-январда Сенаттар палатасына жөнөткөн. Сенаттар палатасы бул маселени февраль айынын экинчи жумасында карай турганын маалымдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM