Биз менен байланышыңыз

«Так максаты жок адам АКШга барбай деле койсо болот»

Блог , Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2021 | 3161 | 0

Америкадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Бакай Оморов «Маралга» маек берди.

«Кыял, ишке ашыра турган максаты жок адамдардын АКШга барышына негиз жок»

Социалдык тармактар Америкага баруунун жалаң жакшы жагын көрсөтүп жатат. Бирок АКШга баргандардын көпчүлүгүнө алгач оор болгон. Биздикилер түшүнүшү керек: Американын тили, мыйзамдары, эсептөөлөрү, маданияты, тамак-ашы, айтор, баары бөлөк. Буларга көнүп жашап кетүү далай маселе жаратат. Бирок кыйынчылыктарды эч ким айткысы келбейт. Айрым адамдарда дароо ийгиликтүү болуп кеткен учурлар бар, ошол эле диаспоранын мүмкүнчүлүктөрүн колдонушат. АКШнын менталитети да маселе жаратат. Анткени Америка Орусия сыяктуу эмес, такыр башка мамлекет.

«Кыргыздар Америкада бир аз өзүн тарбиялоого туура келет»

Кыргыздар көпчүлүк учурда иштин жеңил жагын издейт. Ал эми Америкада мындай жеңил ойлуулук менен жасалган иштер дароо болбосо да, зыянын тийгизет. Алсак, салык төлөөдөн качуу, насыя тарыхын бекитүү сыяктуу иштер. АКШда насыясыз жашоо жок. Эгерде адам алган насыясын төлөөдөн качып кетсе, баш тартса, насыя  тарыхы системага жазылат. 10 жылдан кийин болсо да зыянын тийгизет. Ушул сыяктуу маселелер кыргызстандыктарга кедерги болот.

«Таксист катары белгилүү болгон кыргыздар учурда IT тармагын багындырууда»

Биз Америкада эң акыркы мигрант болуп саналабыз. Мурда барган мигранттар ордун таап, жайгашып калган. Маселен, индиялыктар илгертен май куюучу жайларды иштетип, андан соң IT компанияларына өтүшкөн. Италиялыктар пиццериялары менен атактуу. Ал эми кыргыздар ар тараптуу изденишет. Жаңы барып, материалдык муктаждыктарын чечип дегендей… Азыркы тапта кыргызстандыктар II этапта чоң сыноодо турушат. Кыргыздардын жөндөмдүү, аракетчил мүнөзүн көрүп сыймыктанабыз. Алар бат өздөштүрүп, багыт алып кетишет. Он жыл мурда кыргыздар Иллинойс штатында таксист катары белгилүү болсо, учурда IT тармагын багындырып баратышат. Жумушчулардын тең жарымы IT тармагына жана башка окуу жайларга өтүп кетишти.

«АКШдагы кыргыздар мекенине кайтышат» 

Туулган жер өзүнө тартып турат. Америкадагы кыргызстандыктардын 3-5%ы гана АКШда калат. Калганы Кыргызстанга кайтууну эңсеп, чакан инвестиция аркылуу мекенге салым кошуп жүрөт. Мекендештердин өлкөгө кайтуу процесси башталды. Азыр адамдар кайтып келип орун албаса, беш жылдан кийин Кыргызстанга турист катары келери күтүлүүдө. Анткени Кыргызстанда күндөн-күнгө өзгөрүүлөр болууда.

«Америкалыктар Кыргызстанды Швейцарияга теңешет»

Чындыгында Кыргызстанга суктанышат, америкалыктар башкача көз караш менен карашат. Кыргызстанды Швейцарияга теңешет жана келечеги чоң мамлекет катары көрүшөт. Анткени өлкөбүздүн абасы, суусу таза. Мөңгүлөрүбүз бар. Тилекке каршы, биздикилер бул мүмкүнчүлүктү көрбөй жатышат. Ал эми чет мамлекеттиктер алыстан байкап турат. Көпчүлүгү Кыргызстанга суктанышат. Кыргызстанда жашап туруп, кооз жаратылышыбызды көрбөгөндөр бар. Башка мамлекеттер кичинекей нерсесин брендге айлантып, акча табууда. Жарнаманын ролу көп. Кыргызстанда деле аракет кылышса, башка жакка баргысы келбей калышы ыктымал. Жаран башка мамлекетке барып, тынч уктай албайт. Туулган жерине келмейинче, кайда барбасын санаа тартат.

«Кайдыгерлик кайгыртат»

АКШда жарандар шайлоолордо өзү тандаган талапкерге каражат которушат, бирок эч нерсе үмүт кылышпайт. Ал эми бизде: «Ушул саясатчыдан бир нерсе алып калсам», — дешет. Биз мындай аракет менен салым кошо албайбыз, бул — начар көрүнүш. Андыктан саясий көз карашыбызды өзгөртүшүбүз кажет. Ар кимибиз өзүбүздүн тармактын мыктысы болууга аракет кылсак, баары башкача болот. Көбүнчө саясатташып, жумуштун баарын калтырып, кетип калып жатабыз. Маселен, көпчүлүк мекемелерде түштөнүү убактысы узун, чектөө жок, жарым сааттык мөөнөт 2 саатка да узарып кетет. Убакытты туура пайдаланууну үйрөнүшүбүз керек. Бизде балдарды кайсы бир багытка тарбиялоо жок болгондуктан, туура багытка маани берилбегендиктен, эч нерсе билишпейт, эч нерсени көргөн эмес.

«Кыргызстанда баары акылдуу»

Көпчүлүк көйгөлөрдү, көз караштарды СССРден калган системага шылташат. Бирок өзгөртүүлөрдү жакшы кабыл алышпайт. Балким, креслосун жоготуп алуудан коркушат… Шаарда өзгөрүү процесстери башталган. Жеке, чакан компаниялар жалпы Кыргызстанга жайылат. Өлкөдө кесипкөй адистер жок. Конкурс жарыяланса эч ким барбайт, программасын сунуштабайт, кайдыгер карап эле отурушат. Бирок «мен мындан жакшымын» деп мактанышат. Элибиз азыртан оюн өзгөртүп, аракет кылбаса, эртең сырттан адистер, мекендештер келип, чоң атаандаштык жаралат. Акыркы 5 жылда Кыргызстанды чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Өлкөнү дүйнөлүк медицина, туризмдин борборуна айлантса болот. Биздеги таза товарларды брендге айландырышыбыз керек.

Copyright © 2017 Maral FM