Биз менен байланышыңыз

АКШ элчисинин кайрылуусу ички саясатка кийлигишүүбү же кабатырлануубу?

Саясат | 7 Дек 2020 | 1311 | 0

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өткөн жылы Кыргызстанда болгон эң маанилүү окуя катары Матраимовдорго байланыштуу журналисттик иликтөө экендигин, журналисттердин жана жарандык активисттердин бул аракеттери АКШнын колдоосуна татый турганын белгиледи. Ага чейин ал 3-декабрдагы Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон сүйлөшүүсүндө Кыргызстандагы кылмыштуу топторду тергөөдө АКШнын жардамын сунуштаган. Элчинин мындай аракеттери коомчулуктун сынына кабылып, ички саясатка кийлигишүү катары бааланууда. 

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 3-декабрда видеобайланыш аркылуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүп, уюшкан кылмыштуу топтордун негизги мүчөлөрүнө козголгон иштерди тергөөгө жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошондой эле кылмыштуу топтордун эл аралык түйүндөрүн жок кылууга АКШ укук коргоо органдары жардам берүүгө даяр экенин маалымдаган.

5-декабрда «Интерньюс» уюму журналисттерге «Умтулуу» сыйлыгын ыйгаруу аземинде өткөн 18 айда Кыргызстанда болгон эң маанилүү окуя катары Матраимовдорго байланыштуу иликтөөнү атап, журналисттердин бул аракеттери АКШнын колдоосуна татый турганын белгиледи. Мындан сырткары парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу, Раимбек Матраимовду кармоо сыяктуу окуяларды сындады.

Америка бийлигинин болуп жаткан окуяларга жана уюшкан кылмыштуу топторго карата өзүнүн позициясы мурда эле бар болгонун Кыргызстандын Түркия жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов айтып, муну эки тараптуу баалады: бир тараптан алганда, элчи Американын көз карашын жеткизип жатат; экинчи тараптан караганда, элчи деген мамлекеттин ички саясатына киришпеши керек.

«Бул — мамлекеттин ичинде болуп жаткан маселелер. Ошондуктан коомчулукта тетири кабыл алуулар да жок эмес. Бардык элчилер иштеп жаткан жеринде өзүнүн мамлекетинин саясатын, көз карашын жеткириши керек. Американын элчилери ар бир сүйлөй турган сөзүнүн текстин АКШнын Мамлекеттик департаментине жөнөтүп, текшертишет. Биздегидей чыгып эле сүйлөй беришпейт. Ошондуктан элчи туура эмес кылып жатат деп, аны күнөөлөгөндүн кереги жок».

Генерал-майор Артур Медетбековдун айтымында, элчинин Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар боюнча билдирүүсү жөн жерден чыккан жок. Себеби өлкө саясий кризиске кептелип турат жана Кыргызстан геосаясат жана география жагынан бир катар мамлекеттерди кызыктырат.

«Кыргызстан учурда абдан чоң саясий кризиске батып кетти. Муну бүгүнкү күндөгү окуялар жана мамилелер дагы да болсо чагылдырып турат. Элчинин ички мамилелерге кийлигишүүсү өкүнүчтүү. Себеби, элчинин өзүнүн атынан эмес, мамлекеттин атынан чыкканы келечектеги мамлекеттин түзүлүшүнө жана коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Анткени Кыргызстан геосаясат жана география жагынан бир катар ири жана чакан мамлекеттерди кызыктырат. Көп мамлекет өлкөдө болуп жаткан саясий кризистин убагында Кыргызстандын коопсуздугуна шек келтирбей, жардам берүүнүн ордуна, көп учурда дипломатиялык эрежелерден чыгып кетет».

Ал эми саясат таануучу Эмил Жороев элчи Дональд Лу элчи катары эмес, Кыргызстанга дос  катары кабатырлануусун айтып жатат деп эсептейт. Анткени азыр АКШнын Кыргызстандан 100 эсе маанилүү багыттары бар, аларды таңуулап жаткан жок.

«Негизинен сырткы өлкөлөрдүн өкүлдөрү ички маселелерге кийлигишпей, тилин тыйып дегендей унчукпай жүрөт. Бирок, Лу мырзанын акыркы сүйлөгөн сөзүн кийлигишүү катары баалаганга шашылмак эмесмин. Анын үн катпай отуруусун талап кылсак деле эч нерсе утпайбыз, антип деле отура бермек. Менимче, ал киши чын жүрөктөн айткан. Формалдуу дипломатиялык тилге байланган эмес, конкреттүү маселелер боюнча бизде жашап жаткан адам катары кабатырлануусун чагылдырат деп ойлойм».

Мындан сырткары ал, Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип, чечим кабыл алууда таасирин тийгизип турган АКШдан башка бир канча мамлекет бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, 1-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата кылмыш иши козголушун колдогон пикирин «Твиттердеги» расмий баракчасына жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM