Биз менен байланышыңыз

Кытай Байденди жеңиши менен куттуктады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 657 | 0

Кытай бийлиги Жо Байден менен Камала Харристи АКШнын президенти жана вице-президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги жазды.

«Биз америкалыктардын тандоосун сыйлайбыз жана Байден менен Харристи куттуктайбыз», — дейт Кытайдын расмий өкүлү Ван Вэньбинь.

7-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгып, анда «Демократтар» партиясынан талапкер болгон, мурдагы вице-президент Жо Байден жеңгени аныкталган.

Байдендин жеңишин бир топ өлкөлөр куттуктаганы менен, алардын арасында ири державалар Кытай менен Орусия болгон эмес. Кремль шайлоо боюнча пикирин билдирип, АКШнын лидери ким болсо да иштеше берерин айткан. Ал эми Бээжин азырынча жыйынтыкты акыркы деп эсептебей жаткандыгы менен түшүндүргөн болчу.

Жо Байден АКШнын 59-жолу өткөрүлгөн президенттик шайлоону жеңип, 46-президент болду. Ал эми Дональд Трамп АКШ тарыхындагы бир гана мөөнөт (4 жыл) иштеген президент болуп калмакчы. Байден учурда 78 жашта.

Акыркы расмий жыйынтыктарды америкалыктар 2021-жылдын 6-январында билишет, ал эми АКШнын жаңы президентинин инаугурациясы 20-январда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM