Биз менен байланышыңыз

2020-жылга «Грин карта» утуп, бирок визага кирбей калган кыргызстандыктар үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 1703 | 0

АКШнын 2020-жыл үчун ойноткон «Грин картасын» утуп алып, бирок виза үчүн жолугушууларга кирбей калган кыргызстандыктар үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул тууралуу «Advance» академиясынын  негиздөөчүсү Алмазбек Арапов билдирди.

Араповдун айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп чыгарган визалык чектөөлөр боюнча чечими Американын Жогорку сотунан артка кайтарылды. «Мындан улам, 2020-жыл үчүн Грин карта утуп алып, бирок былтыр киргизилген чектөөлөрдөн улам виза алууга жетишпей калгандар, ушул жылдын 30-сентябрына чейин АКШнын элчилигине чукул кайрылуусу зарыл»-деп кошумчалады Арапов.

Green Card — АКШга иммиграциялоонун реалдуу жолдорунун бири болуп эсептелет.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөөнү 24-февралда киргизген. Кошмо штаттары кыргыз паспортторунун аброю, жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизди.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM