Биз менен байланышыңыз

«Жардамга келген медкаражаттар сатылып кеткен»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 1644 | 0

Өткөн жылдын июль айында көзөмөл аксап, сырттан келген гуманитардык жардамдарды максатсыз пайдаланган учурлар аныкталууда. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү үчүн жүргүзүлгөн иштерди, каражаттардын коротулушун иликтеген мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү Кайрат Алыкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым бейтапканалардын жетекчилери гуманитардык жардамдарды туура эмес колдонушкан. Келген медициналык каражаттар сатылып кеткени боюнча күмөндүү маалыматтар бар. Тиешелүү органдар текшерип, баа берет.

Дарылар боюнча да мыйзамсыз көрүнүштөр бар.

«Каргашалуу июлда дарынын баалары тартыштыктан улам көтөрүлгөн. Анткени дарылардын басымдуу бөлүгү импорттолот. Бирок ошол эле учурда дары жетиштүү маалда деле бааны кармап турган мекемелер болгон. Бул фармкомпаниянынбы же жетекчилердин кызыкчылыгыбы, териштирилүүдө», — дейт Алыкулов.

Copyright © 2017 Maral FM