Биз менен байланышыңыз

Алыкулов коронавирустун пайдалуу жагын атады

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 2555 | 0

Коронавирустун пайдалуу жагы — өлкө медицинасынын деңгээлин көрсөттү. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү үчүн жүргүзүлгөн иштерди, каражаттардын коротулушун иликтеген мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү Кайрат Алыкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын мүчөлөрү аймактардагы медициналык мекемелерди кыдырып, алардын даярдыгын, деңгээлин байкай алды. Айрым жерлер ыйлай турган абалда.

«Дубалдары кулоо алдында турган ооруканалар да бейтаптарды кабыл алып, дарылап жатат. Жараксыз имараттарды оңдоп-түзөп иштеткен жетекчилер да чыкты. Баткен облусунда айрым жерлерде бейтапты райондордон облустук ооруканага алып келүү үчүн 4 сааттай убакыт кетет. Өлкө боюнча көпчүлүк тез жардам унааларынын шарты жок. 2-3 тез жардам унаасынын баасына колдонулган тик учак сатып алууга болот. Ал оор абалдагы бейтаптарды ташууга жардам берет. Медицина тармагын өнүктүрүүнү сунуштап жатабыз», — дейт Алыкулов.

Ал белгилегендей, комиссиянын максаты: реформа жасоо. Андыктан жыйынтык чыгарганга чейин комиссия ишин улантат.

Медициналык камсыздандыруу киргизилсе, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырат, дарыгерлердин маянасын көтөрүүгө болот. Аларды кызыктырып, аймактарда иштешине шарт түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM