Биз менен байланышыңыз

«Башка диагноз коюп, коронавирустан каза болгондордун санын аз көрсөтүшкөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 1761 | 0

Коронавирустан каза тапкандардын санын туура эмес көрсөтүү күмөнү жаралууда. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү үчүн жүргүзүлгөн иштерди, каражаттардын коротулушун иликтеген мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү Кайрат Алыкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги тараптан уюштуруу иштеринде, дарыгерлерди үйрөтүүдө айрым катачылыктар болгон. Комиссия күбө болгон маалыматтар боюнча тиешелүү органдарга кайрылды. Иштер жакында өтө турган Коопсуздук кеңешинде каралат.

«Биздин эсеп менен илдеттен кайтыш болгондордун санында 2 миңдей айырма болуп жатат. Коронавирустан каза болгондордун санын кыскартуу максатында башка оорулардын диагнозун коюп коюшкан. Көз жумгандардын саны, канчалык деңгээлде туура эмес иштер аткарылганын тиешелүү органдар териштирсе, аягына чыгабыз деген ойдобуз», — дейт Алыкулов.

Copyright © 2017 Maral FM