Биз менен байланышыңыз

«Жөнөкөй дарыгерлерге эч кандай басым болбойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 873 | 0

Коронавирус менен күрөшүү үчүн жүргүзүлгөн иштерди, каражаттардын коротулушун иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жана тиешелүү органдардын ишинин жүрүшүндө жөнөкөй дарыгерлерге эч кандай басым болбойт. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Кайрат Алыкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын курамынын басымдуу бөлүгүн дарыгерлер түзөт. Андыктан дарыгерлерге кысым болбойт. Анын үстүнө оору жаңы болгондуктан, дарыгерлерди даярдоодо айрым катачылыктар кеткен. Эксперттер жер-жерлерге барып, дарыгерлерге үйрөткөн эмес деген да айыптоолор бар.

«Учурда айрым чоңдор тарабынан «комиссия дарыгерлерди басынтып жатат» деген каралоо болуп жатат. Анткени алардын кызыкчылыгы чоң болгондуктан, жөнөкөй дарыгерлерди пайдаланып, комиссиянын ишине тоскоолдук жаратууда. Комиссиянын максаты: медицинада реформа жасоо. «Камсыздандыруу киргизели» деп аракет кылып жатабыз. Мындан сырткары элдин жана дарыгерлердин кыймыл-аракетин жеңилдетүү үчүн (онлайн кеңеш, онлайн катталуу сыяктуу) санариптештирүү каралууда. Максатыбызды, жасаган иштерибизди Өкмөткө да сунуштадык. Анын жыйынтыгында Өкмөт тараптан да иштер жасалып баштады», — дейт Алыкулов.

Маалыматка ылайык, мекемелер аралык комиссия эки жумадан ашык убакыт аймактарда, калааларда иштеп, дарыгер, жарандардан маалымат чогултту. Учурда да кошумча маалыматтар алынып жатат.

Комиссия айрым протоколдорго айлап кол коюлбай, туруп калганын тактады. Бул аракеттер кимдин кызыкчылыгы үчүн жасалганы териштирилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM