Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Тажикстанга 24 тонна дары-дармек жөнөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 779 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан Дүйшөмбү шаарына кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул жолку гуманитардык жардамды 24 тонналык дары-дармектер жана антибиотиктер түзөт.

Өзбекстандан алган жардамды шаардык саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо башкармалыгына өткөрүп бердик, — деп билдирген «Азия-Плюс» басылмасы  Душанбе шаарынын мэриясынын администрациясынын маалыматына таянып.

Маалыматка ылайык, мэр Рустам Эмомали шаардын тийиштүү түзүмдөрүнө коронавирусту жуктурган адамдарды дарылоо үчүн алынган дары-дармектердин максатына ылайык колдонулушун катуу көзөмөлгө алууну тапшырган.

9-апрелде Өзбекстан Тажикстанга дары-дармек, тамак-аш азыктары бар 18 темир вагон жөнөткөн болчу. Ал учурда Тажикстанда расмий түрдө коронавирустун учурлары катталган эмес.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери өлкөгө келген.

Copyright © 2017 Maral FM