Биз менен байланышыңыз

Нурболот Мирзахмедов Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 1075 | 0

Нурболот Мирзахмедов Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Нурболот Мирзахмедов 1978-жылы 26-октябрда Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарында туулган.

Билими жогорку. 2004 — Жалал-Абад коммерциялык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1999 жылы — иш жүргүзүүчү, Мамлекеттик салык инспекциясынын Көк-Жаңгак шаары жана Сузак району боюнча инспектору;

1999 – 2007 -жылдары — штаттан тышкаркы салыкчы, башкы мамлекеттик салыкчы, бөлүм башчы, Мамлекеттик салык инспекциясынын Аламүдүн району боюнча инспекциясынын жетекчи орун басары;

2007 – 2010- жылдары  — Сузак районунун акиминин биринчи орун басары;

2010 – 2015- жылдары — Сузак районунун акиминин милдетин аткаруучу, аким;

2015 – 2016- жылдары— Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын катчылыгында эксперт;

2016 – 2018 — жылдары— КР Эсеп палатасында аудитор;

2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 23-январына чейин Өзгөчө кырдаалдар министри болуп эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM