Ош шаарындагы «Ош-Нуру» мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет билдирди.
Аталган мейманкананын болжолдуу баасы 18 млн АКШ долларынан ашуун, 0,8 га жер тилкеси бар.
Учурда УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы кабарланды.