Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы жылдык майрамда коомдук транспорттор түнгө чейин эл ташыйт

Кыска кабар | 28 Дек 2019 | 1045 | 0

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында 31-декабрь жаңы жыл майрамы күнү шаардыктарды муниципалдык жана коомдук транспорттор түнгө чейин тейлейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

8 троллейбустук каттам саат 22:00дө борбордук аянтка келип, жашоочуларды үйлөрүнө төмөнкү багыттар боюнча алып кетет.

— №2 троллейбус «Ала-Тоо» аянты — Аламүдүн-1;

— №4 троллейбус «Ала-Тоо» аянты — Булгары завод (Кожзавод);

— №7 троллейбус «Ала-Тоо» аянты — Туңгуч;

— №8 троллейбус «Ала-Тоо» аянты — Ак-Өргө конушу;

— №10 троллейбус «Ала-Тоо» аянты — Асанбай кичи району;

— №14 троллейбус «Ала-Тоо» аянты — Жал кичи району;

— №14 троллейбус «Ала-Тоо» аянты — Киркомстром;

— №17 троллейбус «Ала-Тоо» аянты — Асанбай (Карл Маркс көчөсү аркылуу).

31-декабрда саат 20:00дө Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында Жаңы жыл майрамына карата концерт уюштурулат. Майрамдык концертке эстрада ырчылары, чыгармачыл жамааттар жана маданият кызматкерлери катышат.

1-январда 74 троллейбус каттамга чыгып, саат 08:00дөн баштап 20:00гө чейин атайын жүгүртмө (расписание) менен иштейт.

№7, 38, 42, 36 автобустар жана № 103, 136, 225, 243, 199, 143, 219, 129, 135, 210, 222, 224, 227, 260, 104, 170, 216, 139, 164, 179, 212, 240, 258, 185, 269 кичи автобустар да түнгө чейин кызмат көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM