Биз менен байланышыңыз

Депутат Айтмамат Назаров Улуттук энергохолдингди жетектей турган болду

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 963 | 0

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырып, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы болду. Бул тууралуу ал Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирип, бүгүнтөн тарта депутаттык ыйгарым укуктарын токтоторун билдирди.

Айтмамат Назаров 4 жыл чогуу иштеп, бир топ ийгиликтерди жараткан кесиптештерине ырахматын, ишеним көрсөтүп добушун берген шайлоочуларына ыраазычылыгын айтты.

Эске сала кетсек, Айтмамат Назаров Жогорку Кеӊештин VI чакырылышына «Кыргызстан» саясый партиясынан депутат болуп келип, Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетине төрагалык кылып келген.

Copyright © 2017 Maral FM