Биз менен байланышыңыз

Назаров: Мамлекетке жашылча-жемиштер аткезчилик жол менен кирип жатат

Күн чекит | 30 Апр 2019 | 900 | 0

«Бажыдагы коррупциялык аткезчиликтен улам, өлкөгө сапаты төмөн, жегенге болбой турган мөмө-жемиштер кирип жатат», — деген маалымат коомчулукка тарады. Мындан улам, «Негизи өлкөгө кирип жаткан жашылча-жемиштерди кимдер көзөмөлгө алышы керек?» — деген суроонун айланасында биз «Күн чекит» программасынын түз эфиринде Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров менен маек курдук.

Марал: — «Кыргызстанга азык-түлүк аткезчилик жол менен кирип жатат» — деген маалымат тарады. Ушундан улам, сизден сурайлы дегенибиз: бул тармакты ким көзөмөлдөйт?

Назаров: — Туура айттыңыз. Бүгүнкү күндө мындай кырдаалдар мамлекетибизде катталып жатат. Аткезчиликти негизинен Бажы кызматы, анан фитосанитардык кызмат көзөмөлдөшү керек болчу. Тилекке каршы, учурда Казакстандан кирген чек аралардын өткөрмө бекеттеринде бажы көзөмөлү жок. Алар тиешелүү кагаздарды толтуруп, анализдерди тапшырып, уруксат кагаздарын алышы керек эле. Бирок, андай кадамдар такыр эле жасалбай жатат.

Марал: — Аткезчилик жол менен кирген товарлар дыйкандарга тоскоолдук жаратып, мээнети «күйүп» кетпейби? Дыйкандардын укугун ким коргойт?

Назаров: — Азыр Өзбекстан менен мамиле жакшырып, чек ара ачылганы, жыйырма килограммдык кол жүгүн бажы төлөмсүз алып өтүүгө уруксат берилген. Ошол жыйырма килограммдык жүк кыргыз дыйкандарын банкрот кылды. Алардын жумушчулары жүк ташуучу унааны эки сааттын ичинде эле толтуруп коет экен. Мен бул маселени Жогорку Кеңеште канча жолу көтөрдүм. Баарыбызга маалым болгондой, Өзбекстан жергеси ысык келет. Жаз мезгили да эрте келгендиктен, жашылча-жемиши эрте бышат. Демек, экспорт-импортко эрте чыгат. Мындан улам, дыйкандарыбыздын иши алдыга жылбай жатат. Жадагалса, күнөсканаларыбыз да ишин токтотуп, жабылууга тушугууда. Мунун натыйжасында, Оштогу жана Аравандагы дыйкандар Өзбекстандын дыйкандарына анчейин туруштук бере алышпай жатат. Ал эми биздин дыйкандардын коопсуздугун, эмгегинин акталышын өкмөт коргоп, кам көрүшү керек. Бирок, бажы биримдигине мүчө болгондуктан, көп нерсеге тыюу сала албайбыз. Болгону, сапатын жана документтерин гана көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Марал: — Күнөскана иштеткендер: «Кыргызстанга Өзбекстан, Тажикстандан жараксыз өндүрүмдөр кирип жатат», — дешүүдө. Мунун канчалык чындыгы бар?

Назаров:  Өндүрүмдөр мыйзамсыз, аткезчилик жол менен келип жатат десек болот. Бирок, анын жарактуу-жараксызын атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин гана айта алабыз. Бизде келип жаткан жашылча-жемиштин сапатын текшерүүчү атайын лаборатория жетишсиз. Фитосанитардык лаборатория төрт жерде курулган, анын экөөнүн гана тиешелүү жабдуулары толук. Сен сураган маселени лабораторияларды көбөйткөндө гана жоё алабыз. Дегеним, маселен, Баткенден алынып өтүп жаткан жемишти Көлдөн же Бишкектен текшертип, анан өт деген туура болбой калат да. Андыктан, ар бир чек ара бекетине лаборатория зарыл. Ошондо дыкат текшерүү башталат.

Copyright © 2017 Maral FM