Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж

Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 522 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 23-августта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды.

«Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүнүн, кубаттуулуктун резервин камсыздоонун маанисин белгиледи. Коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип рационалдуу колдонуу маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM