Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун бийликтен кетүүсүнө эмне түрткү болду?

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2020 | 1618 | 1

Парламенттик шайлоодон кийинки окуяларды болтурбоо үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясын шайлоого жолотпоо керек эле. Мындай пикирин саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Эл көтөрүлүп турганда бийликтин башында турган Сооронбай Жээнбеков же башка бирөө борбордук аянтка келип, элге «кайра шайлоо болот» деп койгондо, балким бийлик алмашуу болмок эмес. Шайлоо алдындагы эки чоң катачылык Жээнбековдун бийликтен кетүүсүнө түрткү болду. Аларга берилген саясий жаза — элдин алдына чыга албай калышты. Окуядан кийин бийликке келгендердин мыйзамсыз жолго түшүп алуусу мамлекетти туңгуюкка, башаламандыкка алып келүүдө», — дейт Акматов.

Акматов Сооронбай Жээнбековдун эң чоң катасын атады

Анын айтымында, парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, мамлекеттин мыйзамсыз жолго түшүүсү өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң кедергисин тийгизген, карама-каршылыктарды күчөткөн жагдай болуп жатат.

Акматов кошумчалагандай, 2020-жылда саясат, экономикада катастрофалык мүнөздөгү окуялар болуп, аталган тармак төмөндөп бара жатат. Өлкөнүн каржылык, экономикалык абалы начарлап, чет жактарга мурдагыдан бетер көз каранды болуп турат. Саясаттта да ушундай эле көрүнүш.

Copyright © 2017 Maral FM