Биз менен байланышыңыз

Акматов Сооронбай Жээнбековдун эң чоң катасын атады

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2020 | 999 | 0

Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Марал» радиосуна берген маегинде Матраимовдордун ишине эч кандай юридикалык баа берилбегенин айтып, сынга алды.

«Раим миллион биздин саясий, экономикалык турмушта өзүнчө бир феноменге айланып калды. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун акыркы мезгилдеги чоң катасы — Матраимовдорду парламентке алып келүүгө жол берүүсү. Ал мурда коррупциянын символу катары таанылып, коомчулукта терс кабыл алынып келген. Мындай адамдар легалдуу түрдө бийликке келип, «биздин схемабыз менен жашайсыңар» дегенин эл көтөрө албай калды. Бул — Жээнбековдун эң башкы катасы», — дейт Акматов.

Анын айтымында, Жээнбековдун Матраимовдорго көз каранды болуп калуусунун бир топ себептери бар. Раимбек Матраимов мамлекетке кайтара турган 2 млрд сом анын 1 айлык кирешеси гана болот. Андыктан азыркы бийликтин коррупция менен күрөшөрүнө ишенген адам жок. Бул чоң күмөн жаратат жана алар жең ичинен келишип алды деген шек жаратат.

Copyright © 2017 Maral FM