Биз менен байланышыңыз

Толкунбек Абдыгуловдун отставкага кетишинин түрдүү себептери

Саясат | 28 Сен 2021 | 2003 | 0

28-сентябрда Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан кетери айтылды. Анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын депутат Дастан Бекешев билдирди. 

Акыркы убакта Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан Толкунбек Абдыгуловдун дарегине сындар айтылып, «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Мыйзам боюнча Улуттук банктын төрагасы отставкага же Жогорку Кеңеш кетирет, же өз арызы менен кетет. Өзү арыз жаза турган болсо, бул тууралуу парламентке билдириши керек.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан 2017-жылдын август айына чейин жетектеген. 2017-жылдын августунан ноябрь айына чейин биринчи вице-премьер-министр, 2017-жылдын 23-ноябрынан тарта вице-премьер-министр болгон.

Ушул эле жылдын декабрь айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кайрадан Улуттук банкка төрага болуп дайындалган.

Толкунбек Абдыгулов акыркы үч бийлик менен тең тил табышып, кызматын туруктуу сактап келген. Парламенттин депутаты Абдывахап Нурбаев анын кызматындагы туруктуулугун иш билгилиги менен байланыштырып, отставкага кетишин туура эмес деп эсептейт.

— Толкунбек Абдыгулов банк тармагында өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтө алды. Биздин сомдун туруктуу сакталышына анын салымы чоң. Эң кесипкөй адамдардын бири болчу, кызматтан кетишин туура эмес деп эсептейм. Ага акыркы убакта биздин айрым депутаттар да асыла баштаган, бирок Улуттук банктын отчеттун парламентке алып келгенде, колдоп бергенбиз. Эки гана депутат каршы чыккан болчу. Калганыбыз баарыбыз колдоп бердик эле, бүгүн кызматынан кетип жатканы мен үчүн да түшүнүксүз болуп жатат. 

Жогорку Кеңештин ушул жылдын 10-июндагы жыйынында депутат Самат Ибраев Улуттук банктын төрагасын камсыздоого айына болжол менен 400 миң сом кетерин айтып, ишмердигин сындаган. Ошондой эле ал Улуттук банкты өлкө экономикасын тушап жаткан эң негизги орган катары атаган.

Самат Ибраевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Бай жана бактылуу Кыргызстан» аталышындагы концепция иштелип чыккан. Анын негизги бөлүмү каржы секторун терең реформалоого багытталган. Ошол реформалоого тоскоолдук кылганы үчүн Толкунбек Абдыгулов президент тарабынан кызматтан алынышы мүмкүн.

— Эгерде биз каржы секторун өнүктүрсөк, Кыргызстан бүгүнкү кризистик абалдан чыгып кетсе болот. Менин командам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Бай жана бактылуу жашоо» аттуу концепция жазганбыз. Анын негизги бөлүмү каржы секторун терең реформалоого багытталган. Ошол реформалоого тоскоолдук кылганы үчүн биздин команда «бул киши реформага бара албайт экен» деген чечим чыгарганбыз. Мен Улуттук банктын төрагалыгына жаңы адам келип, жаңы реформаларды жасашы керек деп ойлойм. Беш айдан бери биздин мыйзамдарга тоскоолдуктарды жаратып жаткан Улуттук банктын төрагасынын саясий чечими болдубу, туура эмес чечимдерди кабыл алып жатты. Биз айтып жатабыз, үч жылда Бишкек Борбордук Азиянын финансылык борбору болот. Бизде ага толук мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол орун бош, аны ээлеп калалы десек, ортодо саясий оюндар болуп кеткен. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин ажо тараптан ушундай чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Улуттук банктын иши Башмыйзамга негизделген. Ошол эле учурда Улуттук банк бүгүнкү күндө эң ачык мамлекеттик органдардын бири болуп саналат. Улуттук банктын каржылык отчету жыл сайын тышкы аудит тарабынан текшерилет жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Улуттук банктын көз карандысыздыгы тууралуу маселе мамлекеттин эгемендиги менен ажырагыс байланышта.

Саясий эксперт Айданбек Акматовдун пикиринде, Абдыгулов акыркы убакта Улуттук банктын статусун өзгөртүүгө карата жасалган басымдан улам кызматтан кетиши мүмкүн.

— Биринчиден, Улуттук банк Өкмөттүн каржы саясатына баш ийбеген, акча  саясатын өзүнчө жүргүзгөн, бийликтин өзүнчө каржылык органы. Анан бул органга акыркы кезде «Кумтөргө» байланыштуу кандайдыр бир басымдар жасалышы мүмкүн да. Улуттук банктын өзүнүн резервдик фонду бар, ошого «Алтынды сатып ал!» дегендей болушу мүмкүн. Ошондой эле «Улуттук банктын кирешесин көрсөтөсүң» дейби, кыскача айтканда, Өкмөткө көбүрөөк баш ийдирүү аракети жүрүп жатканы байкалган. Бул нерсе инфиляциянын өсүп кетиши, Улуттук банктын резервдеринин азайышына байланыштуу ушундай тобокелчиликтер бар. Мен Толкунбек Абдыгулов ушул кысымдарга жана Улуттук банктын статусун өзгөртүшүнө каршы кызматтан кетип жатабы деп ойлойм. Чындык кандай экенин ал өзү айтышы керек».

Толкунбек Абдыгуловдун отставкасы тууралуу сөз болору менен анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги сунушталды. Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Депутат Дастан Бекешевдин маалыматы боюнча, жаңы сунушталган талапкердин кайсы бир кылмыш ишинде аты аталууда.

Экономист Темирбек Ажыкулов Улуттук банктын төрагасынын алмашуусу менен көп деле өзгөрүү болбойт деген пикирде. Себеби, банктын иштөө системасы бир адамга байланган эмес. Эң негизгиси Улуттук банктын көз карандысыздыгы сакталышы керек.

«Бул мыйзам чегинде, өзүбүздүн мыйзамдарга ылайык, алып барылып жаткан иш-аракеттер. Улуттук банктын төрагасы банктын жалпы саясатын көзөмөлдөп, багыт берүүсү талап кылынат. Жаңы келе турган киши да өзгөчө банктын бүгүнкү күндө орду кандай, ошону билгени келиши керек деген ойдомун. Улуттук банк көз карндысыз болуп, мыйзамдар өзгөрбөшү керек. Мына ошол чоң талап болушу керек. Буга чейин парламентте мыйзамды өзгөртүп, Улуттук банкты «кичине» баш ийдиребиз деген максатта демилге көтөрүлгөн эле. Улуттук банк көз карандысыз болсо, ошондо экономика өнүгөт, инвесторлордун ишеничи болот. Банктын эң негизи ролу каржылык секторду көзөмөлдөө эле. Менин оюмча буларга көп тийишпей, өз ордуна койгон жакшы. Эң негизги маселе — Улуттук банк эркин болшу зарыл».

Кыргызстанда каржы технологияларын тездик менен өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында эл өкүлдөрү Бактыбек Турусбеков менен Самат Ибраев «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан.

Сунушка төмөнкүлөр кирет:

-Улуттук банктын өзгөчө режимге өтүнмөлөр боюнча чечим кабыл алуу убактысын кыскартуу;

-корреспонденттик эсептерди ачуу;

-«Финтек» компаниясына таандык баалуу металлдарды Улуттук банктын сактоочу жайында сактоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат;

-ошондой эле насыя берүү;

депозиттик операциялар, лизинг, кепилдиктерди берүү;

баалуу кагаздар менен операциялар сыяктуу опурталдуу операцияларсыз стартаптар үчүн уставдык капиталга болгон талаптарды төмөндөтөт.

Бул мыйзам долбоору кайрадан күн тартибине киргизилген жана депутаттар аны жакынкы аралыкта карамакчы.

Copyright © 2017 Maral FM