Биз менен байланышыңыз

Депутат бажы тармагында Матраимовдун тажрыйбасын колдонууну сунуштады

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 803 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Кытайдан жүктөрдү өткөрүүдө Казакстан атайын кармап, тоскоолдктарды жаратып жатканын айтты. Ошол эле учурда Кыргызстандан жөнөтүлгөн жүктөр Орусияга бир айлап жете албай жатканын белгиледи.

Анын айтымында Казакстан менен Орусия атайлап ыңгайсыздык жаратууда.

«Бул маселени биз карап беришибиз керек. Эгерде, жүк ташуу иштерин аткара албай жатсак, анда уялбай эле Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонолу. Менин сөзүмө ишенбесеңиздер, «Мадина» жана «Дордой» базарларындагы ишкерлер менен сүйлөшүңүздөр«, — деди Абдалиев.

Ошондой эле депутат Бажы кызматынын жетекчисине, Матраимовдон тартынбай тажрыйбасы менен бөлүшүүсүн суранууну сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM