Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Матраимовдун иши боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1197 | 0

УКМКнын тергөө органы тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иштин кыскартылышы жөнүндөгү чечимине карата коомчулуктагы түрдүү талкууларга байланыштуу Башкы прокуратура түшүндүрмө берди.

Тергөөнүн жүрүшүндө башкы көзөмөл органы «Азаттык Медиа» мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнүн материалдарында көрсөтүлгөн, анын ичинде Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын ар кандай мүлккө жана активдерге ээ экендиги тууралуу бардык жүйөлөрүн толук текшерүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөрдү берген.

Ишти тергөөдө «Азаттык Медиа» мекемесинин материалдарында белгиленген өлкөлөрдүн, анын ичинде Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн.

Ушул жылдын апрель айында өнөктөш өлкөлөрдөн, анын ичинде Дубайдан Кыргызстандын УКМКсы тарабынан расмий документтер алынган. Берилген маалыматтарга ылайык, аталган өлкөлөрдө Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталган эмес.

Такталган жагдайларга таянылып, кылмыш иши Жазык-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, кимдир бирөөнүн кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде өндүрүштөн кыскартылган.

Жазык-процессуалдык кодексинин 248-беренесинде кылмыш иши тергөөчү тарабынан жогорудагы негиз менен кыскартылган учурда, ушул эле кодекстин 118-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасы токтоосуз түрдө жокко чыгарылууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 15-апрелинде мыйзамдын жогорудагы нормаларына ылайык, Матраимовго карата кылмыш иши УКМКнын тергөө органы тарабынан кыскартылып, ага карата бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылган.

Кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу Башкы прокуратурасы тарабынан текшерилди, аны бузууга негиз жок.

Copyright © 2017 Maral FM