Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Дипломатиялык шаарчаны курууга берилген жерге байланышкан махинациялык аракеттер аныкталды

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 728 | 0

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан борбор калаанын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,80 гектар болгон жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды даярдоодо жана берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында, 1997-жылдын 8-декабрында Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсү боюнча Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен «Б.К.Р.» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, ошол эле учурда чет өлкөнүн Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон адамга ижара шартында, чет мамлекеттин резиденциясын куруу үчүн аянты 6,8 гектар жер берилгени такталган.

Бирок, Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы М.Т. жана ушул эле ведомствонун башка кызмат адамдары өздөрүнө пайда табуу максатында, жер тилкесине болгон ижара акысын төлөбөгөн, жогоруда аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барышып, 2006-жылдын 1-ноябрында көрсөтүлгөн 6,8 га жердин ичинен 3,80 га болгон 4 жер тилкесине  жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды жасалмалашкан. Аталган жер тилкелеринин баасы 800 миллион сомдон жогору турат.

Чет мамлекеттин резиденциясын курууну негиз кылып алынган жер тилкелерине дипломатиялык шаарчанын долбоору жасалбаган жана курулуш иштери жүргүзүлбөгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу максатында, райондук прокуратура Бишкек шаарынын мэриясына ченемдик-укуктук актылардын  бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирип, чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Copyright © 2017 Maral FM