Биз менен байланышыңыз

Абдалиев унааларда катализаторлорду милдеттүү түрдө текшертүүнү сунуштады

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 308 | 0

Бүгүн, 10-июндагы парламенттин жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев унаалардын катализаторун милдеттүү түрдө текшерүүнү сунуштады.

Анын айтымында, унаалардын көпчүлүгүнүн катализатору алынып, чет өлкөгө сатылып кеткенин ээлери билбейт. Катализаторлордун жоктугу абаны булгап, өзгөчө кыш мезгилинде Бишкекти кара түтүн каптоосунун бирден-бир себеби.

«Мындан экологиябыз жабыркап жатат. Айрыкча кышкысын коркунуч туудурууда. Ошондуктан, бул жааттагы көзөмөлдү күчөтүү керек», – деди депутат.

Ошондой эле ал санитардык-эпидемиологиялык станция коомдук тамактануу жайларын текшерүү үчүн соттон уруксат алышы керектигин, бул канчалаган жарандын ден соолугуна зыянын тийгизип жатканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM