Биз менен байланышыңыз

10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөттө 1,5 миң доллардан насыя берилет

Саясат | 7 Окт 2021 | 1576 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеш «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү түрдө жогорулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун карады. Анда Кыргызстандагы сүт тармагы, тоют, жайыт маселелери көтөрүлдү.  

«Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» жөнүндө долбоор асыл тукум уйларды көйбөтүүнү көздөйт. Аталган долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк каржылык колдоо көрсөтөт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев билдиргендей, Дүйнөлүк банк 17 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын жарымы жеңилдетилген насыя, жарымы гранттык каражат болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ошондой эле 6 жылдык жеңилдетүү каралган.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев сүт чарбасын өнүктүрүү керектигин, аны менен ар бир үй-бүлөнү күнүмдүк акча менен камсыз кылууга жакшы шарт түзүлөрүн белгиледи. Ошондой эле ал Айыл чарба министрлигинин өкүлөрүнүн жоопторуна канааттанбай, насыяны алган менен эмнеге пайдаланышты билишпей турганын сындады.

«Жөн эле акчаны алып, жок кылгандай болуп калып жатасыңар. Эмнеге пайдаланышты же билбейсиңер. Негизи асыл тукмдуулугун өстүрүү үчүн пайдаланыш керек да, жөн эле «урдуруп» акчаны ала бересиңерби?! «5 миң урук алып алып эле уруктандырыдык» деп көрсөткүч катары айтып атасыңар. Миллиондогон доллар алып анан 3000 музоо алдык дегениңер уят. Ушунча акча алып жаткандан кийин даярданып келип, жооп берсеңер. Бирок мен бул долбоорду колдойм».

Азамат Мукашевдин айтымында, пилоттук долбоор буга чейин Ысык-Көл облусунда сыноодон ийгиликтүү өткөн, ошол себептен Нарын менен Талас облустары да кошулуп жатат. Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясы Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында уйлардын тукумун жакшыртуу жана сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну максат кылууда.

Долбоорго өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, 10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1,5 миң доллардан насыя берилет. Жыйналып алынган каражат кайрадан башка фермерлерге бериле берет.

«Биринчиси, 0,75 пайыздык үстөгү менен берилет. Экинчиси, сүт багытында уйларды сатып алууга бир фермерге 1,5 миң доллар берилет. 1200 доллар болсо малдын баасы, 300 доллар болсо, малдын кармоону жакшыртууга берилет».

Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев мыйзам долбоору абдан керектүү экендигин белгилеп, бирок быйыл чөп кымбат болгондуктан уйлар кыштан кантип чыга тураганы чоң маселе экенин эске салды.

«Чөп кымбат жана жетишсиз болуп жатат. Кыштоодон биздин фермерлер кандай жол менен чыгарын бир гана Кудай билет. Ак-Талаа менен Ат-Башы районунун фермерлери колдонуп жүргөн Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүн кыштоо. Аталган аймакка инфраструктураны оңдосок эле 500 миңден ашуун кой жана уйлар аман-эсен чыкмак. Бул деген биздеги чоң потенциал. Бул маселенин үстүнөн иштеп жатасыздарбы?».

Дагы бир эл өкүлү Шайлообек Атазов Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү өтө коррупцияланган үч мекеменин ичине кирерин эске салып, эл аралык донорлордон алынган каражатты сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга чакырды. Ал мындай жакшы долбоорлорду колдой турганын кошумчалады.

«Кыргызстага эң көп насыя менен гранттар Саламаттык сактоо, Айыл чарба жана Транспорт министрлиги келет. Коррупция боюнча дарыш болсо, ушул үч минитстрлик алдыга чыгат. Кээ бир министрликтер грант бөлүү мене гана алек болууда. Айыл чарба минитсрлигине канча жылдан бери грант келет, бирок майнап жок. Суу майдын, ундун, эттин басын түшүрүп бериңиздер. Эгерде ушуларды ишке ашырып берсеңиздер, жакында аталган министрликте реформа болот деп ишенем».

Жыйында бир катар депутаттар аталган долбоорду башка аймактарга да жайылтып, уйлардын тукумун жакшыртуу, сүттүүлүгүн арттыруу зарылдыгын айтышты.

«Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» жөнүндө мыйзам долбоорун каржылоо боюнча ратификациялык документин концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Алдын ала макулдашууга ылайык, эгер бул келишим 29-октябрга чейин ратификацияланып калса, ушул жылдын 1-январында каржылоо жол-жоболору башталмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM