Биз менен байланышыңыз

УКМК: Матраимов ооруканадан №47 түзөтүү абагына которулду

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1498 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Бикард» клиникасынан №47 түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мыйзамсыз кирешелерин адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 18-февралында кайрадан кармалды.

Ага чейин Матраимов коррупцияга шектелип кармалып, тергөө менен келишип, 2 млрд сом төлөгөн. Андан кийинки соттук отурумда 260 миң сом кошумча айып салынып, акталып чыккан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM