Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мыйзамсыз кирешелерин адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Буга чейин Матраимов коррупцияга шектелип кармалып, тергөө менен келишип, 2 млрд сом төлөгөн. Андан кийинки соттук отурумда 260 миң сом кошумча айып салынып, акталып чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет учурда Матраимовго карата сотко чейин өндүрүш уланып жатканын, бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка айтылып турарын маалымдады. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында, эми ага карата тергөө бүткүчөктү, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын карайт.
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кечээ 18-февралда кайра камакка алынды. Анын кылмыш иштерин эки бөлүп салганы чаржайыт болууда. Ал: «Саясий соода болгонбу же жең ичинен ар кандай макулдашуу болуп, ал коомдук пикирдин басымынын алдында ишке ашпай калганбы?» деген сыяктуу ар кандай бүдөмүк ойлорду пайда кылат. Бул иш-аракеттин аркасында кандайдыр бир эсеп жүргүзүү, саясий бир стратегия бардай сезилет. Мындай пикирин саясат талдоочу Эмил Жороев билдирди.
«Буга чейин чуулгандуу иликтөөлөр жүрүп, тагылган айыптар чуу жараткан фигуранын иши өткөн жумада оңой, өтө бат бүтүп, бирок кайра минтип камакка тартып, тергөөгө кириши бүдөмүк ойду жаратат. Негизи бир адамдын ишине эки бөлөк тергөө жүргүзүлбөйт. Маанилүү, мандемдүү маселе болгондо, ал мурда эле белгилүү болмок. Матраимовдун иши, өзгөчө мүлкү, банктык эсептери бөлүндү-жарынды болмок эмес. Эл тарабынан айлап талкууга калган фигуранын артында чаржайыттык болмок эмес. Андыктан мен таң калып турам. Албетте, эптеп эле «эл талап кылып жатат, же саясий кырдаал талап кылып жатат» деген жүйөө менен камап салуу туура эмес. Камалабы, соттолобу, мыйзамда көрсөтүлгөн ченемдерге жараша адилет иш болушу керек».
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, мыйзамдын негизинде канча кылмыш жасалса, эпизод-эпизод болуп бөлүнүп, ар бир эпизоду далилденип, бир мезгилде тергелет. Мунун баары мыйзамдын негизинде болбой, саясатташып кетти. Бир эле фактка ар кандай укуктук баа берилип жатат. Булар башында сүйлөшүп алышкан, кийин кайра сүйлөшүүлөрүн бузуп, башка жолго түшүп кетишти.
«Мыйзамдын негизинде болгондо, бүт берененин баары: «адалдоо», «коррупция», «аткезчилик» эпизод- эпизод болуп бөлүнөт, ар бир эпизоду далилденет. Андан кийин жазасынын суммасы чыгат, ар бир берене боюнча жазасы бар да. Ошонун баарынын суммасын чыгарып туруп, жазасын аныктайт. Башында: «Эми сен 2 млрд сом төлөп бер, анан биз кичине айып пул менен чыгарып коебуз», — дешкен. Азыр эми кайрадан камап жатат. Же Матраимов алданып жатат, же өздөрүнүн ич ара сүйлөшүүлөрү бар. Билбейм эмне кылып жатышат, айтор, мыйзамдын негизинде болгон жок. Азыр эми дагы адалдоо боюнча келишим түзүп, дагы бир нерсе өндүрүшөт окшойт».
Ал арада бүгүн түштөн кийин Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдында Матраимовдун тарапташтары митингге чыкты. Чогулгандар ал жерден Биринчи май райондук сотуна чейин жөө жүрүш жасашты. Топтолгондор: «Райымга боштондук!», «Матраимов качкан жок!», «Матраимовго акыйкат чечим чыксын!» деген ураандарды чакырышып, Кыргызстандагы бардык коррупционер бирдей жазага тартылуусун талап кылышты.
Тынчтык митингине чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, журналист Элнура Алканова, коомдук ишмер Шайлообек Атазов да бар.
Ушундай эле митинг бүгүн Кара-Суу шаарында, «Ысмайыл ата» мечитинин жанында өткөндүгү айтылды.
Райымбек Матраимов 18-февралда кайра камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, ал кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга айыпталууда. Ошондой эле УКМК Райымбек Матраимовго карата сотко чейин өндүрүш уланып жатканын, бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка айтылып турарын маалымдашты. Ага карата тергөө бүткүчөктү, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын карайт.
Эске салсак, журналист Али Токтакунов өзүнүн видео иликтөөсүндө Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун Кыргызстандан 700 млн долларды кантип чыгаргандыгын, акчаларды чыгарууга кимдер жардам бергендигин жана кандай жол менен адалданып, кайра кантип фондго которулгандыгын, аталган иштерде Бажы кызматынын ордун кеңири баяндаган.