Connect with us

Саясий кризистен чыгуунун бирден-бир жолу — шайлоо өткөрүү

Без рубрики , Саясат | 16 Окт 2020 | 1243 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу отставкага кетти. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, ал милдетти убактылуу аткаруу өкмөт башчы Садыр Жапаровго жүктөлдү. Серепчилердин айтымында, бийликтин бир колго топтолушу Кыргызстандагы жаңы саясий кризиске алып келиши мүмкүн. Мындан улам, мыйзам негизинде кандай кадамдар ташталышы керек, алдыда кененирээк токтолобуз. 

Мыйзам боюнча президент отставкага кеткенде Жогорку Кеңештин төрагасы жүйөлүү себеп менен гана президенттин милдетин аткаруудан баш тарта алат. Парламенттин төрагасы Канатбек Исаевдин эмне себептен баш тартканын, ага кысым болуп-болбогонун Жогорку Кеңеш изилдеши керек. Учурда өкмөттүн колуна эбегейсиз бийлик топтолуп калды. Бул — кризистин жаңы этабы болушу мүмкүн. Мындай кризистик учурдан чыгып кетиш үчүн үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүшү керек. Мындай пикирин айткан Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова төмөнкүлөргө токтолду:

— Азыр алдыда Жогорку Кеңештин да шайлоосу турат. Бул шайлоо да батыраак өтүшү керек. Легитимдүү органдардын баары калыптанып, баары ордуна келиши керек. Эгерде Өкмөт конституциялык реформа жасай турган болсо, анда бүгүнкү кырдаал бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүн. Көп нерсе аянтка чогулган элдин талабы жана басымы менен болуп жатат. Бул кырдаалдан чыгыш үчүн шайлоо өткөрүү керектигин элге түшүндүрүү кыйын болууда. Эгерде бул кырдаал узарып кете берсе, Кыргызстандын эл аралык аренадагы орду татаалдашат.  Бир кишинин баарын өзү чечип калганы — бул: демократиядан артка кеткендик.

Ошондой эле ал азыр Конституциялык реформага баруудан мурда, шайлоо өткөрүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, жаңы парламент калыптангандан кийин гана бул маселени кайра көтөрүшү керектигин кошумчалады.

Элдик толкундоонун башкы максаты — муун алмашуу, жаңы жүздөрдүн келишин талап кылуу, башкача айтканда, эски муундагы саясатчылардын орун бошотуп, аксакал катары, кеңешчи катары гана калышын каалоо болгон. Азыркы саясий туңгуюкка да бирде оппозиция, бирде бийликчил болгон саясатчылар күнөөлүү экендиги айтылууда. Азыр да аралашып, учурдагы саясий кризисти чечүүгө аракет кылып жатышат, бирок кайра эле эл чечүүдө. Мыйзам боюнча эгерде Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындабаса, анда ал дайындалды деп эсептеле тургандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

— Жогорку Кеңештин депутаттары эмне гана кылбасын, каалайбы-каалабайбы, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда дайындалат. 23-24-октябрдан баштап БШК уюштуруучулук иштерине киришет. Азыр эң башкысы, саясий кагылышуу, үчүнчү күчтөрдүн мамлекетке залака тийгизүүсү болбош үчүн, сөзсүз түрдө шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, парламент тарабынан кабыл алынышы керек. 120 адам Кыргызстандын тагдырын чечип жатканын түшүнүшү керек, — деди Абдрахматова.

Муну менен бирге ал алдыдагы президенттик шайлоодо күрөө талап кылууну жокко чыгаруу керектигин кошумчалады.

Мыйзам боюнча президенттин милдетин убактылуу аткаруучу адам президенттик шайлоого катыша албайт. Учурда президенттин милдетин убактылуу аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров элдин эрки менен бийликке келди. Ошондуктан ал эл алдында карыз экендигин жана биринчи кезекте коррупция менен күрөшүшү зарылдыгын юридика илимдеринин доктору Бекбоосун Бөрүбашев айтты.

— 5-6-октябрда чыгып, ушул күнгө чейин тарабай жаткан элдин негизги талабы — коррупцияны жоготуу. Элди бай-кедей кылып экиге бөлбөш керек. Партиялар мандат сатпай, шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылышы керек. Эгерде эски эле система менен кете берсе, тактап айтканда, бир команданы кетирип, ордуна өзүнүн тууган-уругун, жоро-жолдошун топтоп алып башкарам десе, элдин ою, талабы ишке ашпай калат. Таза коом, таза шайлоо болуп, элдин дабушун сатып албашы керек. Буларды аткаруу үчүн өкмөт башчы Садыр Жапаров саясий-укуктук системаны кайра түзүп чыгышы керек. Шайлоо системасы эң начар, аны өзгөртүү керек, — деди Бөрүбашев.

Мындан сырткары, ал мамлекеттик органдарда отурган адамдардын, президенттин, депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги каралбаганын, жөн эле декларативдик мүнөздө болуп калгандыктан, бийликтин адамдары өздөрүн өздөрү билип, жоопкерчилиги жок болуп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM