Биз менен байланышыңыз

Жаңы категориядагы визалар 5 күндө даяр болот

Коом , Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 2291 | 2

Январь айынын соңунан тарта Кыргызстанда чет мамлекеттик жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт. Башкача айтканда, кыргыз улутундагыларга «Туугандык виза», «Мекен виза» жана «Мейман виза» деген жаңы визалар берилет. Учурда Тышкы иштер министрлиги тийиштүү даярдыктарды  көрүп жатат. Мекеме, мындан сырткары, визалардын баасын арзандатуу чараларын кароодо. Өкмөт мындай жол менен Кыргызстанга келе турган туристтерди көбөйтүүнү максат кылууда.


Өлкөдө туристтер жана чет мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн виза берүүнүн жаңы формасы ишке кирет. Тараптар жаңы категориядагы виза үчүн тийиштүү документтерди 15-январдан тарта тапшыра алышат. Арыздар Тышкы иштер министрлигинин электрондук порталы аркылуу кабыл алынып, виза 5 жумушчу күндүн ичинде даяр болот. Бул тууралуу аталган мекеменин Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Бактияр Шакиров билдирди.

Анын айтымында, туугандар менен көрүшүүнү каалаган чет элдик кыргыздарга бир жылдык мөөнөткө «Туугандык виза» берилет. Ошондой эле, Кыргызстанга келүүнү каалагандар атайын чакыруунун негизинде 90 күндүк мөөнөткө «Мейман визасын» ала алышат.

—  15-январдан баштап «Туугандык виза», «Мекен виза» жана «Мейман виза» деген жаңы визалар толук ишке кирет. Визанын бул түрлөрү талапка жараша тандалып алынды. Бизге  кайрылуулар көп болот. Мындан улам «Туугандык визаны» 1 жылдык мөөнөткө алууга уруксат берип жатабыз. Документтин жарактуу мөөнөтүн жыл сайын 1 жылга узартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда «Мейман визанын» да мөөнөтүн да муктаждыкка жараша узартууга болот.   

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, Кыргызстанда төрөлгөн жана башка өлкөдө жашаган кыргызстандыктарга кайрылман макамын алуу үчүн бир жылдык мөөнөткө акысыз негизде «Мекен визасы» берилет. Этникалык кайрылман кыргыздардын «Бириккин кыргыз» коомунун президенти Барно Усманова мындай шарттар тараптар үчүн чоң жеңилдик болорун белгилейт.

— Алсак, Өзбекстандан келип окуган студенттер ар бир үч айда чек арадан кирди-чыкты кылышы керек. Биринчиден, алар сабактан калса, экинчиден, Казакстан же башка мамлекеттин чек арасына кирип-чыгышы үчүн каражат кетет. Бул студенттер үчүн оор маселе эле. Азыр эми визанын мөөнөтүн 1 жылга узартып, мыкты маселени көтөрүп, жаңы өзгөрүүлөргө кол коюлуптур. Өкмөт башчыга ыраазычылык билдирем. Эгерде каралган шарттар ишке ашса, студенттерга жеңилдик болот. Мындан сырткары чет жакта жашаган  кыргызстандыктарга да жакшы шарт түзүп берет.  

Мындан сырткары, Кыргызстандагы тоо туризмине кызыккан чет өлкөлүктөргө үч айлык мөөнөткө «тоо туризм визасын» алууга шарт түзүлөт. Мындай визаны алгандар өлкөгө бир нече жолу кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Маданият, маалымат жана туризм министрилигинин Туризм департаментинин жетекчиси Дамир Максат уулу «тоо туризм визасы»  өлкөгө келе турган туристтердин санын көбөйтүүгө шарт түзөрүн кабарлады.

— Визалар жеңилдетилген таризде берилсе, туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Чет мамлекеттин жарандыгын алган мекендештер Кыргызстанга келгенде акча сарпташат. Алардын агымын алдыга жылдыруу максатында жаңы реформалар кирип жатат. Бул эң жакшы идея, мен башынан эле колдогом. 

Жаңы категориядагы визаларды берүүдө адамдык ресурс колдонулбайт. Документтер электрондук портал аркылуу берилет. Учурда Тышкы иштер министрлиги тийиштүү төлөмдөрдүн суммасын төмөндөтүп, визанын баасын арзандатуу багытында иш алып барууда. Аталган мекеменин Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Бактияр Шакиров ушул жылдын февраль айында визалар үчүн жаңы тариф бекитилери күтүлүп жатканын кошумчалады.

— Кийинки айда жумуштардын баары аяктап, жыйынтыкты өкмөткө киргизебиз. Визаларды арзандатуу маселеси да каралып жатат. Акыркы өзгөрүүлөрдү виза системасындагы революция катары эсептейбиз. Анткени адам менен түздөн-түз карым-катнаштан четке чыгып жатабыз. Тагыраагы, жарандарга кагаз ташытпай, электрондук парталыбыз аркылуу онлайн негизде байланышабыз. Бул кезек күтүү маселесин да жокко чыгарат. Алдыдагы жарым жылдыкта элди ушул өзгөрүүлөргө көндүрүп, тейлөөнү онлайн түргө өткөрүү ниетиндебиз. 

Кошумчалай кетсек, учурда элүүдөн ашык мамлекеттин жарандары Кыргызстанга визасыз келе алышат.

2 пикир

2 пикир

  1. Сейсекул

    12.01.2020 13:31

    Қазақстаннан келген конокторга кандай болот

  2. Бахтигул

    21.02.2024 11:12

    Мен Озбекистан Кыргызстанга күйөө чикканминбирок Заксибиз жок кизим бар кандай виза ала алам кандай документтер керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM