Биз менен байланышыңыз

Сом тууралуу сонун фактылар

Блог | 10 мая 2022 | 3584 | 0

Бүгүн, 10-май банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын күнү. Кыргыз валютасы сом алгач 1993-жылдын 10-майында колдонулуп баштаган. Быйыл жүгүртүүгө чыкканына 29 жыл толду. Ушундан улам, сиздерге сом тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз:

Сомдун салмагы 

1 млн сомду жалаң миң сомдуктардан курасаң, болжол менен 1,1 кг чыгат.

1 млн даана 1000 сомдук акча болжол менен 1100 кг болуп 1 млрд сомду түзөт.

Металл 10 сомдуктан 100 килограмм топтосоң, 18 миң 519 даана болуп, жалпы суммасы 185 миң 190 сом болот.

Сомдун жашоо мөөнөтү

Майда акчалар (20, 50, 100, 200, 500 сом) колдон-колго өтүп көп айлангандыктан, 1-3 жылга чейин жашайт.

Ал эми чоң купюралар (1000, 2000, 5000 сом) жай айлангандыктан, 3-5 жылга чейин колдонууга болот.

А металл акча (1, 3, 5, 10 сом) 10-15 жылга чейин колдонулат.

Эң көп колдонулган акча

Азыркы учурда эң көп айланууда болгон купюра 20 сомдук жана 1000 сомдук. Ал эми 2000 -5000 сом эң аз айланат.

Металл акчалардан эң көп бир сомдук, эң аз 50 тыйын колдонулат.

Булардан тышкары:

Кагаз сом 5000ге жакын жолу бүктөлөт.

Купюраларда 30га жакын өзгөчө коопсуздук белгиси бар.

Кагаз сом 100 % пахтадан жасалат.

Copyright © 2017 Maral FM