Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк бул жолу 70 млн доллар сатты

Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 822 | 0

Улуттук банк 23-ноябрда валюта базарына дагы бир жолу ири интервенция жасап, бул ирет 70 млн 300 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, бул жыл башынан бери жасалган он экинчи интервенция.

Эске салсак, Улуттук банк акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында интервенция жасап, 55,4 млн доллар саткан.

Copyright © 2017 Maral FM