Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк: Валюта рыногундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 351 | 0

Учурда валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу абалда турат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, ушул жылдын башталышынан тартып 6-апрелге чейин АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 1 АКШ доллары үчүн 1,06%га же 84,8 сомдон 85,7 сомго чейин жогорулаган.

АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу чет өлкө валютасынын суроо-талабына жана сунушуна жараша ички валюта рыногунда эркин түзүлүүдө.

Азыркы учурда ички валюта рыногунда долларга болгон суроо-талап жогорулап жатканы байкалууда, бул көбүнчө психологиялык факторлор жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрү менен шартталган.

Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы каржылык рыноктордогу жагдайды, ага кошо өлкөдөгү соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгү жагдайды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.

Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 5-апрелге карата 2 млн 626 миң АКШ долларын түзөт жана өлкө товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен алты айын жабат.

Эске салсак, жыл башынан бери сомдун кунун сактоо максатында Улуттук банк беш интервенция жасап, 284,30 млн АКШ долларын сатып, алган. Андан тышкары эки интервенция жасап, 19,90 млн доллар сатып алган.

Copyright © 2017 Maral FM