Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк бул жолу дээрлик 70 млн доллар сатты

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 520 | 0

Улуттук банк 27-декабрда валюта рыногуна 69 миллион 950 миң доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, Улуттук банк буга чейин 23-ноябрда валюта базарына ири интервенция жасап, 70 млн 300 миң доллар  саткан. Андан соң 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты.

Белгилей кетсек, бул — жыл башынан бери жасалган он бешинчи интервенция.  Жалпы 702 миллион 950 миң доллар сатылды.

Copyright © 2017 Maral FM