Парламенттик шайлоого аттанган төрт партия тилектеш экенин расмий документтер менен бекемдегиси келет. Алар: «Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа». Аталган партиялар коомдогу нааразычылык өсүп жатканына байланыштуу, шайлоочулардын добушун массалык түрдө сатып алууга жана бийликчил партиялар тарабынан административдик ресурстарды колдонууга каршы, таза жана акыйкат шайлоо үчүн чечкиндүү күрөшүү ниетин билдирет.
«Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулованын айтымында, оппозициялык маанайдагы партиялар биригип, мыйзамсыздыкка, добуш сатып алууларга жана шайлоодогу ар кандай башаламандыктарга каршы бирге турууну көздөйт.
— Тилектештик меморандумуна төрт партия кол коюу ниетибиз бар болчу. Биз шайлоодогу добуш сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга жана «баарына каршыга» үгүттөгөндөргө каршы турууда бир бололу дегенбиз. Эң башкысы 4-октябрь күнү чогуу байкоо жүргүзүүнү көздөгөнбүз, анткени бардык шайлоо участкаларын байкоочулар менен камсыз кылуу оңой эмес, — дейт Сооронкулова.
Бирок дагы кошумчалай турган жагдайлар болгондуктан, сүйлөшүүлөр дагы уланып, айрым оппозициячыл партиялар дагы кошулушу мүмкүндүгүн кошумчалады:
— Биз оппозиция болгондон кийин ачык эле чыгып, оппозициялык партиялардын кеңири коалициясын түзөлү деп жатабыз. Буйруса, бул меморандумга жакын арада кол коюлат. Бирок кээ бир партиялар чыгып, айрым оппозициячылдар кошулушу мүмкүн.
Партиялар белгилеген административдик ресурстарды колдонуу, жарандардын добушун массалык түрдө сатып алуу боюнча пикирлер социалдык тармактарда айтылып келет. Анда бийликчил аталган «Биримдик» партиясы административдик ресурстарды колдонуп, мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди жетекчилери партияны шайлоого үгүттөп жатканы айтылат. Бирок расмий маалыматтарда эч кандай админресурс колдонулбаганын, эгер андай боло турган болсо дароо жоопкерчиликке тартыларын билдиришет.
Ал эми добуш сатып алуу боюнча дагы коомчулуктун нааразычылыгы күч. Алардын көбү «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочуларга акча сунуштап жатканын айтышат. Бирок добуш сатып алуу боюнча жагдайлар каралбай келет.
Бул көрүнүштөргө каршы туруу үчүн биригип жаткан партиялардын кадамын сынга алгандар да бар. Алар муну пиардын бир түрү катары баалашат. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев да ушундай пикирин “Марал” радиосуна билдирди:
— Бул — дагы бир кезектеги пиар. Каршы турганда, кантип каршы турушат булар? Ошонун мехнизмин иштеп чыгабы, кеп ошондо. Добуш сатып алууга каршы туруш үчүн добуш сатып алганга аракет кылган кишинин үстүнөн «мына, мага добушуңду сат деп сунуштап жатат» деп арыз жазыш керек. Бул партиялар «баланча партия добуш сатып алып жатат» деп айтканы менен БШК үчүн деле, сот үчүн дагы аргумент болуп бере албайт. Ал үчүн арыз болушу керек.
Молдалиев оппозициялык партиялар жок экенин, өзүн оппозициямын деген партиялар шайлоо алдында упай топтоо үчүн гана бийликке каршы пикирин билдирип жатканын айтат.
— Бизде оппозиция жок, анын азабын азыр дагы тартып атабыз. Эмне үчүн 6-чакырылыш тарыхтагы эң начар чакырылыш болуп калды? Анткени, мында оппозиция болгон жок. Бардыгы бийликке ыктап, бийликтин этегин кармап алып, кызматка баргандын амалын кылып олтурду. Эми шайлоо алдында оппозициябыз деп чыгышты, буларды ким айтты оппозиция деп? Оппозиция болуп эмне кылып койду? – деди саясат талдоочу.
Ал эми Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев партиялардын биригип жатканы жакшы экенин, бул алардын добуш сатып алууга барбай турганынан кабар берерин айтат. Бирок башкалардын добуш сатып алуусуна каршы тура алышпайт. Анын себебин мындайча түшүндүрдү:
— Өлкөбүздүн экономикасы өтө начар. Завод-фабрикалар, жумуш орундары жок, элде киреше булагы жок. Ошондуктан алардын добушун сатып алуу оңой эле. Мисалы, 1000 сом берсе, эркектердин бир айлык тамекисине, аялдардын бир айлык кум шекерине жетип калат. Биздин экономикабыз өсүп, элдер жумуш орундары менен камсыздалып, айлыктары 500 АКШ долларынын тегерегинде болмоюнча, добуш сатып алуу жана сатуу токтобойт. Муну мен эле эмес, чет өлкөлүк эксперттер да айтып келишет. Добуш сатып алуу бардык жерлерде эле бар.
Конституциялык мыйзамга ылайык, административдик ресурстарды пайдаланган кызматкерлер айыппулга жыгылып, ээлеген кызматынан боштулат. Андай учурга күбө болгон жарандар тиешелүү фактылар менен Боршайкомго, укук коргоо органдарына кайрылса болот. Ал эми добуш сатып алуу боюнча кармалган жарандарга айыппул салынат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партиядан 1912 талапкер катталган.