Биз менен байланышыңыз

Акималиев: Университеттерде реформа болушу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2020 | 560 | 0

Жогорку окуу жайларда реформалар болушу керек. Эң негизгиси, окуунун сапатына маани берүү зарыл. Бул тууралуу «Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, университеттерден эң негизги милдети: студентти окутуу, ага билим берүү. Окуу жайлардын санына эмес, сапатына маани берүү абзел.

«Албетте ЖОЖдордо илим да болушу керек. Бирок алардын максаты: балдарды тарбиялоо жана билим берүү. Ал эми илимдин максаты: жаңы ачылыштарды жасап, аны өндүрүшкө киргизип, өлкөнү алдыга жылдыруу. Илим менен билим айкалышып, бир туугандай болуп чогуу иштеши кажет. Анткени аларды бөлүү — элди бөлгөнгө барабар», — дейт Акималиев.

Ал кошумчалагандай, мындан ары илим изилдөө мекемемелери менен ЖОЖдор илимий иштерди чогуу аткарса, максатка ылайык болот.

Белгилей кетсек, өлкөдө 70ке чукул ЖОЖ бар.

Copyright © 2017 Maral FM