Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: ЖОЖдорго лаборатория, клиникалык база ачуу сыяктуу талаптар коюлууда

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 798 | 0

Жогорку окуу жайлардын сапатын көтөрүү боюнча лаборатория, клиникалык база ачуу сыяктуу бир катар талаптар коюлууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, университеттерде билим берүүнүн стандарттарына, окутуунун сапатына өзгөртүүлөр киргизилүүдө. ЖОЖдор чет өлкөдөн мугалимдерди тарта баштады. Анын негизинде быйыл ЖОЖдордо жандануу бар.

«Бизде потенциал бар, бираз сапатты көтөрүү менен Кыргызстан жок дегенде аймакта билим берүүнүн чордонуна айланууга мүмкүнчүлүгү бар», — дейт Бейшеналиев.

Ал маалымдагандай, сырттан студенттерди кабыл алуу кадимки тартипте жүргүзүлөт. Кыргызстанда 72 миң 129 чет элдик студент билим алат. Жалпысынан 220 миндей студент бар.

Copyright © 2017 Maral FM