Биз менен байланышыңыз

«ЖОЖдор кадрларды даярдоо стандартын карап чыгышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 963 | 0

Сапаттуу кадр даярдоо үчүн ЖОЖдордун деңгээлин көтөрүү зарыл. Мындай пикирин КР эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө университеттердин рейтинги өтө төмөн. Айрым ректорлор 30 жылдан бери башкарып отурат, бирок алдыга жылуу сезилерлик эмес.

Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли кайсы бир кызматта иштеп кеткидей жогору болушу зарыл. Мындан улам ЖОЖдор кадрларды даярдоо стандартын кайра карап чыгышы керек. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги жаңы программа, концепция иштеп чыгышы шарт.

Copyright © 2017 Maral FM