Биз менен байланышыңыз

«Бийлик алмашкан сайын кадрлар алмаша берсе, өнүгүү болбойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 811 | 0

Улам бийлик алмашкан сайын кызматкерлерди алмаштыра берсек, кадрлар талкаланат, өлкөдө өнүгүү болбойт. Мындай пикирин КР эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, татыктуу иштеп жаткан кызматкерлерге жумуш берүү керек. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер үчүн социалдык кепилдиктер болушу шарт.

«Маселени түп-тамырынан билген адамдарды алтын резервде кармоо керек. Кызматка көйгөйдү жеринде чечип бере турган адамдар келиши зарыл. Эми президенттик башкарууга жараша шартта иштейбиз. Кадрларды конкурстук негизде ачык тандоодон артык кандай айтышы керек. Таза кызматкерлер сөзсүз иштеши керек», — дейт Арабаев.

Copyright © 2017 Maral FM