Биз менен байланышыңыз

«Реформатор кадрлар Кыргызстандан жумуш таппай, чет өлкөдө жүрүшөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Фев 2021 | 1188 | 0

Кадр маселесин кайра калыбына келтирүүгө болот. Себеби кыргыздын уучу куру эмес, кесипкөй адистер бар. Мындай пикирин мурдагы Мамлекеттик катчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кесипкөй адистер маянанын аздыгынан мамлекеттик кызматтан баш тартышы мүмкүн. Мыкты, реформатор кадрлар Кыргызстандан жумуш таба албай, чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт.

«Мамлекеттик кызматкерлерге шарт түзүү зарыл. Аларды тарбиялап өстүрсө, кыргыздын мыкты жигиттери бар. Тың улан-кыздарыбыз абдан көп. Алардын ичинен туура тандап алуу — азыркы бийликтин милдети. 30 жылда кадр маселеси биротоло талкаланып бүттү. Азыр баары эле мен кыйынмын деп чыгып жатканы менен кадр маселесин биротоло талкалап алдык», — дейт Нур уулу.

Copyright © 2017 Maral FM